Репортер

Жаш балдар жер төлөөдө милициянын полковнигинин визиткасын жасатышты, – окурман (фото)

7030 Не ответили

«Бүгүн 18-сентябрда саат 16:00 чамасында Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер төлөөдө (подземка) 1 орус 2 кыргыз жигит (студенттер болушу мүмкүн) Орозалиев Карыбек Тентиевич аттуу милициянын полковнигине тиешелүү болгон визиттик карточкадан 15-20 даана жасатышты. Алар өз ара «эми бизге айдоочулук күбөлүктүн кереги жок» деп сүйлөшүп жатышты. Карточка жоголуп кетсе таап алган балдар өз кызыкчылыктарына пайдаланганы жатат окшойт. Милицияда ушундай ысымдагы полковник иштейби? Анын визиттик карточкасы жаш жигиттердин колуна кандайча тийип калды? Мамлекеттик органдын кызматкеринин карточкасын көчөдө башкалардын жасатышы мыйзамдуубу?», - деп сурады окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?