Буга чейин Кара-Балта суусуна мазут төгүлгөнү маалымдалган. Кара-Балта шаарына бара жаткан нефть ташуучу «Даф» үлгүсүндөгү унаа Бишкек–Ош унаа жолунун 110-чакырымында оодарылып кетип, унаадагы 34 тонна нефтинин 3 тоннасы жолдун четине, бир аз бөлүгү Кара-Балта суусуна төгүлгөндүгү айтылган.
Окурман аталган кырсыктын кесепетинен улам төгүлгөн мазут азыр да тазаланбай, сууда жаткандыгын билдирди. Ал сууда калкып жаткан мазутту видеого тартып алган. Окурман суудагы мазут тазаланбагандыгынан улам, аны пайдаланган элге, малга, суудагы балыктарга зыян келип жаткандыгын эскертип, чара көрүүнү суранат.
Комментарии