Өзгөн археологиялык комплексинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу тескери илинип турганы жана анын абалы начар экендиги тууралуу окурмандын маалыматына, Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин жетекчиси А.Турсунбаев төмөнкүдөй жооп берди.
«Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин тарыхында биринчи жолу Өзгөн райадминистрациясынын демилгеси менен Өзгөн шаар мэриясынын жардамы менен 2014-жылы кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, акыркы жылдарда түшкөн акча каражатка туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аткарылды.
Ал эми АКИпресске маалымат берген аноним автор жогорудагы жетишкендиктерди көрбөй 31-октябрь «Шаар күнү» майрамында шашылыш түрүндө жаңыланган желекти орнотууда техник катачылыкты чоңойтуп жазууда кандай максат көздөгөн? Автор айткандай желек бир ай эмес 15 күн турган. Азыр оңдолуп илинди».
Комментарии