24-ноябрда окурмандын «Репортердо» жарыяланган Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк ооруканадагы ыңгайсыздыктар жөнүндөгү маалыматына Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаменти төмөнкүдөй жооп берди:
«Шаардык №10 үй-бүлөлүк медицина борборундагы аталган дааратканада оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан. Оорулуулар жана башка адамдар тарабынан даараткананы пайдалануу талабы чоң болгондуктан ал жабылган эмес. Ал эми кол жуучу раковина 24-ноябрь күнү жумуш аяктаган соң орнотулган.
№10-Үй-бүлөлүк медицина борборунун аталышын чагылдырган такта эскиргендигине байланыштуу алынып, учурда жаңыртуу иштери жүргүзүлүп жатат. Келе жаткан жумада жаңыртылган такта кайрадан илинип коюлат».
Комментарии