«Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылында 2014-жылы күзүндө курула баштаган көпүрөнүн бир тумбасы кулап калган боюнча жатат. Тумба жазында суу көбөйгөн учурда кулап калды.
Ал көпүрөнүн курулушу үчүн 147 миң АКШ доллары сарпталган. Курулушка каражатты алтын кен иштетүүчү «Тоо-Кен Компани» ишканасы бөлгөн. Көпүрөнү салган ортомчу «ЕМКО» фирмасы болчу.
Көпүрө жоктугунан улам, эл өзүлөрүнүн үлүш жерлерине баруу үчүн 20 км аралыкты айланып келет. Эгер көпүрө колдонууга берилсе, 3-4 км гана жол жүрмөк.
Бул маселе боюнча бийликтегилерге кайрылганбыз. Сүрөттөгү ачык катты 71 баракка жазылган фактылар менен Бишкекке алып барып тийиштүү бийлик өкүлдөрүнө берип келгенбиз. Бирок жыйынтык чыккан жок», - деп билдирди окурман.
Комментарии