Репортер

Жер шаарын велосипед менен кыдырууну көздөгөн кыргызстандык саякатчы элге кайрылуу жолдоду (текст, видео)

2324

«Uluu Kyrgyz IZI» долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоду.

 

Кайрылуунун тексти:

 

«Урматтуу Ош шаарынын кылым карыткан, мекенчил тургундары? жаңыдан калыптанып бара жаткан «Uluu Kyrgyz IZI» долбоорумдун үчүнчү этабы бүттү.

 

Өкмөт тараптан жана жигердүү ишкерлер тараптан колдоо көрсөтүлбөгөндүгүнүн себебинен, көптөгөн чыгымдарга батып, кийинки дүйнөлүк масштабтагы этаптарыма өтүүгө карапайым мекенчил элдин колунан келген колдоосу керек болуп жатат.

 

Жюль Верн, Фернан Магеллан, Федор Конюхов сыяктуу легендардуу инсандарга, эл-журтунун колдоосу болбосо, аларды жана туулган жерлерин дүйнө тааныбайт эле.

 

«Uluu Kyrgyz IZI» долбоорумдун «UKI2015-KR003» маршрутун, «Кыргыз ынтымагы» деген ураан менен жалгыз велосипед үстүндө, 7 облусту, чек араларга чейин 62 күндө кыдырып, жалпысынан 4260 км жолду басып өттүм.

 

Долбоорго кеткен чыгашаларымды жабуу максатында «Жыйырма тогузунчу күз» аттуу китебимди жазып, болгону 200 нуска басып чыгарттым. 50 нускасын чет өлкөдөгү кыргыз жарандарына жана борбор калаабыздагыдагы китепканаларга таркаттым.

 

Мамлекетибиздин прогресивдүү өнүгүп жаткан ордолуу Ош шаарына (башка шаарларга таркаган жок) чоң үмүттөр менен, 150 нусканы, ар бирин 500 сомдон сатып таратууга жибердим. Кудайым насип этсе жөнөтүлгөн китептерден түшкөн каражат, жалпы долбоорго сарпталган чыгымдардын 33,4% жаап, кичине болсо да алдыга умтулганга мүмкүнчүлүк жаратар эле.

 

Алдыда:
1. «UKI2015-2016 / URKUN 100-005» аттуу эң биринчи тарыхый маршрут жаратууга
2. «UKI2016-Yssyk-Kol 006» Ыссык-Көлдү жалгыз кайык менен толук айланып чыгууну
3. «UKI2016- 007-010» Кыргыз тарыхында калган жомокторду, уламыштарды иш жүзүндө аткарып, анализдеп ачыкка чыгарууну
4. «UKI2016-BAHRAIN 011» Бахрейн падышачылыгын жөө айланып чыгып, жаңы рекорд киргизүүнү.
5. «UKI2016-2021 / Dyino jolu» Улуу кыргыз изи долбоорун баштоону пландап жатам.

 

Эгерде кошумча колдоолор көп болуп, демөөрчүлүк деңгелге чейин каражат чогулса, анда дароо байрагымды колго алып, ийгиликтердин жолуна түшүп, аба учкучун колдонбостон, дүйнө бетиндеги жети континентти кыдырып, «Улуу кыргыз изи» маршрутун 4-6 жылда жаратканы жөнөөр элем.

 

Долбоор Кыргыз Республикасынын туризм тармагын өнүктүрүп, Кыргыз элинин тарыхында жок жаңы маршруттарды дүйнө бетине жаратып, Кыргыз элинин ак калпагын даңазалап, биздин келечектеги муундарга калуучу тарыхый жетишкендик болуп калаар эле.

 

Жазылган катымды четке какпастан, ыкчам колдоо көрсөтүүңөргө толук ишенем. Силердин ак калпакчан, мекенчил, дүйнө саякатчыңар, «Uluu Kyrgyz IZI» долбоорунун автору Азамат Жаналиев».

 


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?