«2015-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары К.Токтогулов, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Ал жолугушууда К.Токтогулов жеке ишкерлердин укуктарын коргоп, укук коргоо жана контролдоочу органдар тарабынан негизсиз текшерүүгө жол бербөө максатында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы катуу көзөмөлгө алып жаткандыгын баса белгиледи.
Азыркы учурда мамлекеттик бюджет негизинен жеке ишкерлердин салык жана социалдык төлөмдөрүнөн толтурулуп турат. Андыктан сиздер ишкерлерге жардам берсениздер мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө толук шарт бар», - деп билдирди жеке ишкер К.Айдаралиева.
Комментарии