Репортер

Россияда абакта жаткан кыргызстандык адамдын өздүгү такталбай жатат, – кыргыз диаспорасы (фото)

2787 Жооп берилген жок

«Репортерго» Россиянын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү кайрылды. Ал абакта жатып өзүн кыргызстандыкмын деген адамдын өздүгүн тактоо керектигин билдирди.

«Төмөнкү сүрөттөгү бала Улан-Удэ шаарындагы мигранттарды атайын кармоочу жайда 1 жылдан бери кармалып жатат. Улуту өзбек. Мурдагы көрсөтмөлөрүндө ал Сузак районунун жашоочусу Юнусов Зокиржонмын деген. Россияга Юнусов Зокиржон деген ысым жазылган туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кирген. Азыр болсо мурдагы көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, «мен 1986-жылы туулган Киргизов Кодиргулом Нуримухамедовичмин» деп жатат. Бул адам Россияга 2010-жылы август айында келген экен. Ошол бойдон кайра чыккан эмес. Азыр болсо камоочу жайда жатып, «мен Кыргызстанга кетпейм, мени Кыргызстанга жибербегиле. Мен ушул жактан соттоп жибергиле» деп жатат. Мурда да соттолуптур. Бул адам кандайдыр бир окуяларга тиешеси бар адам болушу мүмкүн.

Мага кечээ Миграциялык кызмат башкармалыгынан байланышка чыгышып, бул адамдын сүрөтүн жана ал жөнүндө маалыматтарды берип, анын өздүгүн тактаганга жардам сурашты. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул адам жөнүндө маалыматтарды тактаганга чара көрсө жакшы болмок», - деп билдирди диаспоранын өкүлү.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү