Репортер

Жети-Өгүздө балдарга болгон зомбулуктарды алдын алуу иштери аткарылып жатат (фото)

1534

«Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиянын алдында түзүлгөн балдарга болгон зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдын отуруму болуп өттү. Анда район боюнча зордук-зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо боюнча маселелер каралды. Аталган маселе боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилип, иш пландар бекитилди.

Отурумга райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын алдындагы үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адистери жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, мигрантардын балдарын катоо жана үйлөрдү кыдыруу, зомбулукту алдын алуу боюнча кеңири талкуулар болду.

Бардык коомдук жайларга жашыруун кутучаларды жана төмөндөгү ишеним телефондорду республика боюнча «111» Ысык-Көл облусу боюнча (039225-16-56,) район боюнча 03946 51-7-63,51-6-60 жана zgulbara@list.ru электрондук почтасына илүү милдеттендирилди. Район боюнча атайын иш планга ылайык иштер аткарылууда», - деп билдирди Жети-Өгүз райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Г.Жаанбаева.

 


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү