Cанкт-Петербургда 2 жумадан бери кыргызстандык Жакыпбек уулу Азамат (1990-жылы туулган) изделип жатат. Бул тууралуу анын досу Азирет маалымдады.
Анын айтымында, Азамат 25-мартта жоголгон. Акыркы жолу аялына саат 23:40та чалып, 20 мүнөттөн кийин үйгө бара тургандыгын айткан. Бирок ошол бойдон үйгө келген эмес.
«28-мартта Санкт-Петербургдун Красногвардейский районунун милициясына арыз жаздык», - деди ал.
Комментарии