Окурмандын Щербаков менен Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта кураган дарактар кооптуулук жаратып жаткандыгы боюнча жаңылыгына Бишкек шаардык мэриясы төмөнкүдөй жооп берди.
«Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы, «Репортер» басылмасында жарыяланган Щербаков менен Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта кураган дарактарды «Жашылдандыруу курулушу» муниципалдык ишканасынын өкүлү менен жеринде текшерилип негизги алар кыюу боюнча иш планга киргизилгендигин билдирет. Белгиленген кооптуу бактарды кыюу иштери жакын арада муниципалдык ишкананын жумушчулары аткарыла тургандыгын билдиребиз».
Комментарии