Чынгыз Джумагулов коомдук желеде өзүнүн жеке баракчасында энесинин Боом капчыгайындагы дарыяга түшүп кеткендигин билдирди, деп жазды окурман.
Ч.Джумагулов мындай деп жазган: «Биздин үйгө чон кайгы келди. Жекшемби күнү, 5-июнда, апам Боом капчыгайында сууга кулаган болчу. Үч күн бою издөө эч кандай натыйжа берген жок. Кимде кандай бир маалыматт бар болсо, мени менен байланышсаңар болот» .
Жакында Турмуш сайты Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып, билдирүү жасаган: Кемин райондук куткаруу кызматкерлери дарыяга чөгүп кеткен аялды издеп жатат.
«Чу дарыясына Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 130 км Боом капчыгайында аял чөгүп кетти, деп балыкчылар билдирген. Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн алдын ала берген маалыматы боюнча, чөгүп кеткен 1963-жылы туулган жараны Ы.Акжолтой, Чүй айылынын тургуну болушу мүмкүн. Издөө иши уланып жатат», - деп билдирди ӨКМ.
Комментарии