Окурман билдирет:
«Ак-Суу районундагы Академик М.Мамакеев атындагы орто мектебинин 1996-жылынын бүтүрүүчүлөрү 27-май 2016-жылы «Акыркы конгуроо» салтанаттуу аземине катышып, 1 даана теннис столун, 15 даана спорттук форма, 9 футбол тобу жана 50 мин сомдук счет ачып беришти.
Ошондой эле алдынкы 10 окуучуга 500 сомдон стипендия беришти. Ал эми 24 жыл мурдагы бүтүрүүчүбүз Каныбек Султанов 4 мугалимге «Мыкты мугалим» төш белгисин жана 12 окуучуга 1000 сомдон стипендиясын жыл сайын берип турат.
Башка бүтүрүүчүбүз Турумбаев Жанторо Сариевич 1-классты бүтүрүп жаткан 10 окуучуга жылыга стипендиясын берет. Дубанаев Бакыт жылыга 3 мугалимге, 10 окуучуга стипендия 2 жылдан бери берип келип жатат. Биз мектепти бүтүрүп кеткен 10 жылдык, 20 жылдык, 30 жылдык бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз».
Комментарии