Репортер

Беш-Конуш жайлоосун аю, кийик, доңуз, карышкыр, сүлөөсүндөр байырлайт, - окурман (фото)

24867 На русском

«Беш-Конуш жайлоосу Кара-Суу районундагы Талдык өрөөнүнүн төрүндө жайгашып, Ош шаарынан 60 км алыстыкта орун алган. Тоолорунда арча, карагат, бөрү карагат, четин, шилби, табылгы жана башка өсүмдүктөр өсөт. Суур, кашкулак, коен, аю, кийик, доңуз, карышкыр, сүлөөсүн, суусар, арс жана башка жаныбарлар байыр алган. Келген туристтердин саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Беш-Конуштун айланасында Марал-Башы, Чыйырчык, Депши, Кашка-Суу, Бала-Бейит, Кереге-Таш, Суусар, Бугу-Төр, Ак-Төр, Кийик-Жол, Тору, Тешик-Таш, Алгатур-Ата, Сары-Ой, Көк-Ой, Жетим-Байтал, Секиртмек жана башка кооз жайлоолор орун алган», - деп билдирди Кара-Суу районунун Жоош айылындагы окурманыбыз Тойчубек Акматали уулу.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү