Репортер

Торугартта мас айдоочунун кесепетинен 3 унаа кагышты, - окурман (фото)

5194

«Кечээ, 30-октябрда, саат 19:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Торугарт айылына жакын жерден 3 унаа кырсыкка учурады. «Audi» үлгүсүндөгү унаа жолдун экинчи тилкесине өтүп кетип, «Toyota Highlander» жана «Honda Civic» үлгүсүндөгү унаалар менен кагышты. Кырсыкка айдоочунун мас абалда болушу себеп болгон. Кырсык болгон жерге Патрулдук милиция 1 сааттан кийин келди. Өзүн Айбек деп тааныштырган мас абалдагы айдоочуда эч кандай документ жок болуп чыкты. Ошондой эле ал ишенген таанышы бар экендигин айтып, Патрулчулады коркутканга аракет кылды. Унаалар айып аянтчасына киргизилди», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?