Репортер

Эмнеге Бишкек шаарында Бишкек баатырдын эстелиги, ал жөнүндө маалыматтар жок? - окурман

(обновлено: 7 нояб. 2016) 6863

«Кыргызстандын борбор шаары Бишкек деп аталат. Кыргызстандыктар шаарыбызды сүйөбүз. Баш калаа өлкөнүн жүзү. Шаарда ар кайсы тарыхый инсандардын эстеликтери, алар жөнүндө аздыр-көптүр маалыматтар бар. Бирок шаарда ысымын алып жүргөн Бишкек баатыр жөнүндө чет элдик конокторго, жергиликтүү тургундарга маалымат берүүчү эстелик же атайын жай жок.

Бүгүн кыргызстандыктардын өздөрү да Бишкек баатыр ким экендигин, кайсы кылымда жашагандыгын, кандай эрдиктерди жасагандыгын жакшы биле беришпейт. Ошондуктан шаарга Бишкек баатыр атабыз жөнүндө кенен маалыматтар жазылган айкел орнотууну сунуштайм. Бул демилгени жалпы коомчулук, мэрия, өкмөт, президент, парламент, эң башкысы жаштар колдоого алат деп ишенем», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?