«Ош шаарынын борбордук аянтында сергек жашоого үндөгөн массалык веложүрүш болуп өттү. Ага Ош шаарынын жетекчилери, шаар тургундары, спорт сүйүүчүлөрү, жаш активистер келип катышты.
Веложүрүштүн соңунда атайын көңүл ачуучу программа, интерактивдүү сынактар уюштурулуп, жигердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөндөрдү уюлдук оператордун фирмалык белектери менен кубантышты.
Ошондой эле, иш-чара эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт, экстремалдык номурлар жана бий топторунун бийлери менен коштолду», - деп билдирди окурман.
Комментарии