Репортер

Кыргыз диаспорасы Чита шаарынын юбилейлик 160-жылдык күндөрдүн майрамдашына катышты (фото)

(обновлено: 31 мая 2017) 2433

Кыргыз диаспорасынын башчысы жана жаштар жамааты 27-28 майда Чита шаарынын юбилейлик 160 жылдык күндөрдүн майрамдашына катышты. Бул тууралуу Забайкал крайынын Кыргыз коомчулугунун (диаспора) башчысы Карабаев Медетбек Аскерваевич кабарлады.


Шаардык Хакимов атындагы ат майданында кыргыздын тыйын эңмей оюну Забайкальский крайынын тарыхында биринчи жолу эки командадан ойнолуп, көк команда биринчи даражадагы диплом, кызыл команда экинчи даражадагы дипломго татыктуу болушту.


Кыздардан турган «Саадат» бий группасы да өздөрүн башка улуттардын алдында жарык жана жаш бийчилер катары алдыңкы позицияда көрсөтүлүп турду, буга кошумча Оруссия жана Забайкал крайлык туулары менен катар Кыргыз туулары бийик кылкылдап майрамдын көркүнө өзгөчө көрк кошкондой сезилди.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?