Репортер Рус | Кырг
16+
Сообщить
новость

Кербенде жол эрежесин бузган кортеждин унаалары кармалды, айдоочуларга 5000 сомго чейин айыптар салынды (фото)

4645

Кербен шаарында жол эрежесин бузуп, кортеж болуп жүргөн унаалар кармалгандыгын Жалал-Абад ОИИБден кабарлады.

 

«Кербен шаарында жол эрежесин бузуп, кортеж болуп жүргөн «Gelandewagen» үлгүсүндөгү 6 унаа Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып, айып аянтына киргизилди. Унааларды айдап жүргөндөргө КРнын Админстративдик кодексинин 249-беренеси (бейбаштык) менен протоколдор түзүлүп 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынды. Ал эми «Репортер» басылмасына чыккан тасмада Аксы РИИБдин башчысы бейбаштык менен унаа айдагандарга чара көргүлө деп жаткан болчу», - деп билдирди Аксы РИИБ.

 

Окурман бөлүшкөн тасма

 


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
×