«14-август күнү Кербен шаарында жол эрежесин одоно түрдө бузуп, Аксы РИИБдин жетекчисин жана кызматкерлерин тоготпогон «Mercedes Gelandewagen» үлгүсүндөгү унаалар кармалып, айдоочуларына 5000 сомго чейин айып пул салынганы кабарланган.
Бирок ал унаалар эртеси 15-август күнү саат 15:00 чамасында атайын добуштары менен Кербен шаарынын көчөлөрүндө жүрдү. Патрулдук милиция эмне үчүн добуш чыгаруучу жабдыктарын алдырган жок?» - деп сурады окурман.
Комментарии