Репортер

Белгисиз себептер менен шайлоодо иштеген операторлордун эмгек акысын мамлекет тарабынан төлөнүп берилбей келүүдө, - окурман

2599

«Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 2017 жылдын 15 октябрында болуп өттү.
Шайлоо таза жана тынч өттү, деп эл аралык көз карандысыз байкоочулар айтууда. Кыргызстанда 2 жылдан бери биометрикалык белгилер менен шайлоо өтүүдө. Бул шайлоонун таза өтүшүнө чоң өбөлгө түзүүдө, себеби бир эле адам эки жолу шайлоого катыша албайт. ГРСтин атайын окутулуп даяралган операторлору шайлоодо иш алып барышкан.Бирок ошол операторлор шайлоо болуп өткөнүнө 1 ай болгону калса дагы эмгек акыларын алыша элек. Операторлор эмгек келишим түзүп жатканда айтылган, «эгерде талапкелер 2-турга калып кайра шайлоо болсо, экинчи жолу айлык төлөнбөйт, анда бекер иштейсине», - деп ошол себептен шайлоонун жыйынтыгы чыккычакты кармалып атат го деп ойлоп илгери үмүт менен күттүк . Азыркы учурда баардык участкаларда шайлоонун жыйынтыгы чыгып шайлоонун 2 туру болбойт экени аныкталды. С.Жээнбеков президент болуп шайланды, деп массалык маалымат каражаттарында кабарланууда. Белгисиз себептер менен операторлордун эмгек акысын мамлекет тарабынан төлөнүп берилбей келүүдө. Шайлоо учурунда иштеген баарлык шайлоо участкасынын мүчөлөрү эмгек акыларын алышкан. Эми болсо болгон акча каражат С.Жээнбековдун иноугурациясына жумшалып атат деп жатышат. Бул жерде кандай саясат бар. Эмне себептен алардын эмгек акысын кармап жатканы белгисиз боюнча калууда», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү