Репортер

Нарында 93 жаштагы согуштун ардагери М.Алиев көз жумду

5432

Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мамыш Алиев 93 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты.

 

Мамыш Алиев Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды суу айлында 1924 жылы кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал 1941-жылы 17 жашында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Фашисттик баскынчылар менен күрөшүп, Австрия жана Бельгияга чейин барып элин-жерин коргогон.

 

1946-жылы жеңиш менен аман-эсен элин жерин коргоп, кайтып келген. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн көптөгөн медаль жана ордендер менен сыйланган.

 

М.Алиев 1947-жылы Батмабүбү Боогачиева менен үй-бүлө курат. Экөө чогуу 7 кыз, 6 уулду татыктуу тарбиялап өстүрөт. Ардагер башынан көп кыйынчылыктарды өткөрүп, фермада уй багып, бригадир болуп иштейт.

 

«Жубайынын 2005-жылы кайтыш болушу чоң атабызга оор жоготуу болгон. Балдарынын, неберелеринин сый-урматын көрүп, 2017-жылдын 9 декабрында кайтыш болду. Артында 63 небере, 75 чөбөрө, 5 кыбыра калды», - деп билдирди туугандары.

 

Тема боюнча: В Ат-Башинском районе поздравили ветеранов ВОВ.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү