Репортер

Кыргызстандагы суука арналган окурмандын ыры

2391

Кыргызстанда азыр актуалдуу болуп жаткан суука байланыштуу окурман атайын чыгарган ыры менен бөлүштү:

 

Күчүк тоңду, ит тоңду,
Түтүк тоңду, фит тоңду.
Мурун үшүп кыпкызыл,
Зыр-зыр этип тиш тоңду.

Чымыр этип бет тоңду,
Чыдай албай кеч тоңду.
Жылуулугун бере албай,
Жалп деп өчүп меш тоңду.
Мештен кийин үй тоңду,
Үйдөн кийин Чүй тоңду.

Калч-калч этип бак тоңду,
Аламүдүн жак тоңду.
От өчкөндөй күлкү өчүп,
Соо да тоңду, мас тоңду.

Кирпик тоңду, каш тоңду,
Кулак тоңду, чач тоңду.
Бүткөн боюм титиреп,
Дене тоңду, баш тоңду.

Бала тоңду, кыз тоңду,
Бишкек жылбай жыш тоңду.
Түкүрүгүң түшкүчө,
Тырс деп кулап муз болду.

Ичкичекти чай тоңду,
Жегичекти май тоңду.

Жеттим, жаптым балконду,
Жаттым, жаптым пальтомду.
Бут да тоңду, кол тоңду,
Эй кара суук?! Эл жеген
Тоңдурсаңчы чоңдорду?


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү