«Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 кг аш, 550 нан, 400 пачка тез даярдалуучу азыктар көчкүнүн кесепетинен жолдо калып калгандарга таратылды.
14-мартта Бишкек-Ош трассасынын Чычкан капчыгайынын Көчкүлүү булак участкасында көлөмү 2,5 млн кубометр болгон кар көчкү түшкөн», - деп билдирди окурман.
Комментарии