Аламүдүн районундагы №1 Аламүдүн орто мектебинде 7-апрель элдик революциясына карата иш-чаралар 2-7 апрелге чейин өтөт, деп билдирди окурман.
«7-апрель элдик революциясынын 8 жылдыгына карата «Патриот», «Мекен биримдиги» деген темаларда класстык сааттар өткөрүлүүдө.
Кыргыз тили жана орус тили мугалимдери 7-11-класстардын окуучуларынын арасында «Апрель элдик революциясы балдардын көз карашы менен» деген темада эссе жана реферат жазуу иштерин алышты.
Мектептин тарбия завучу мектеп парламенти 5-8-класстардын арасында «Биз тынчтык үчүн!», «Апрель элдик революциясы балдардын көз карашы менен» деген темаларда сүрөт көргөзмөсүн уюштурушту.
Ошондой эле мектеп парламенти жана дене тарбия мугалими 7 класстар арасында «Эрдик эскирбейт» деген ураан алдында спорттук мелдеш өткөрүштү», - деп кошумчалады ал.
Комментарии