Навигацияны ачуу

Сокулуктагы Миңбай-Ата жаңы конушу таза суу менен камсыз болду (сүрөт)

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан Миңбай-Ата жаңы конушун таза суу менен камсыз кылуу маселеси толук чечилди, деп билдирди окурман.

 

Анын айтымында, айыл өкмөтүнүн сунушун «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду каржылап, долбоор бир айдын ичинде ишке ашты.

 

«Долбоордун жалпы наркы 1 млн сомду түздү. Кыргыз Республикасынын президентинин 2018 -жыл - Аймактарды Өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашкан бул долбоордун жыйынтыгында 300дөн ашык адам таза суу ичүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бүгүн, 28 апрелде ачылыш аземи Жаңы-Жер айылында өттү. Ал эми жаңы конушка 2000 метр жаңы суу түтүктөрү орнотулуп, суу мунарасы толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Ошондой эле, жаңы кубаттуулугу күчтүү суу соргучу орнотулду. Иш чаранын аягында ыраазычылык каты берилди», - деп белгиледи ал.

Сокулуктагы Миңбай-Ата жаңы конушу таза суу менен камсыз болду (сүрөт)
1
10
Поделись реакцией: Муж. Жен.
Улыбка
Грусть
Удивление
Злость
Необходимо авторизоваться
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp», «Viber» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Загружается...

 
 

Кирүү