Кыргызстандын жаш таланттуу балдары Турциянын Анталия шаарында эл аралык сынака катышты. Бул тууралуу окурман кабарлады.
Аныны айтымында, сынак 3-майдан 11-майга чейин созулган.
«Эл аралык конкурста «Жаш толкун» фольклордук ансамблинин инструмент комузчулар тобу 1-орунду ээледи. Алар «Маш ботой таң булбулу» күүсүн жаныртышты.
Вокал боюнча 1-орун Жазмира Абалкановага тийсе, 2-орун Сауле Омуркуловага берилди. №5 гимназиянын окуучулары улуттук кийим конкурсунан 1-орунду багындырды.
Улуттук аспап чопо-чоордон Жусупбек Асаналиев жана Айжан Эркинбаев 1-орунга татыктуу болушту», - деп маалымат берди окурман.
Комментарии