Ат-Башы районунун Терек-Суу айылындагы электр чубалгыларын кыйууга тоскоол болгон чириген бак-дарактар кыркылды. Бул тууралуу айыл тургуну Тойчубек Кенжебаев билдирди.
Маалым болгондой, Терек-Суу айылындагы электр линиясын аралап өткөн эски, чириген бактар 15 майда Ат-Башы РЭСинин рейддик кызматкерлери тарабынан кыркылган.
Буга чейин окурман Терек-Суу айылында куураган бак-дарактар коркунуч жаратууда, деп кайрылуу жасаган болчу.
Комментарии