Репортер

Жалдагы үйдөн жигит велосипед уурдап кетти. Уурдоо учуру видеого түшүп калган

11954 На русском

Жалдагы 11 кабат үйгө кирүүчү эшиктин алдынан велосипед уурдалды, деп билдирди Бишкектин тургуну.

Анын айтымында, окуя 29 июлда саат таңкы 07:00 чамасында болгон.

Видеобайкоо камералары уурдоо учурун тартып калган.

«Жаш жигит үйгө кирчү жерде телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан болуп бир нече мүнөт турат. Эшикте сыркулпу орнотулгандыктан кире албай койгон окшойт. Бирок бир аздан соң ал үйгө кирет жана велосипед турган жерге барат. Анын кулпусун бузуп ачып алып чыгып кетет. Милицияга кайрылдык, бирок алар жигитти таба элек», - деп маалымдады велосипеддин ээси.

Ленин районуна караштуу Шаардык милициянын үчүнчү бөлүмү аталган маалыматты тастыктады.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү