Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын тургуну Анарбек Уметалиев 2018 жылдын 22 сентябрында Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт башкармалыгы Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата уюштурган жеңил атлет боюнча эл аралык жарым марафонго катышып келди.
Марафон Бишкек шаарында өтүп, Уметалиев 12 мамлекеттен келген 55-64 жашка чейинки 500дөн ашык спортчунун ичинен 10 км аралыкка чуркап, 4-орунга ээ болду.
Ошондой эле Т.Тешебаев орто мектебиндеги 9-класстын окуучусу Жайнагүл Абдыкапар кызы 14-35 жашка чейинки 700төн ашык спортчунун ичинен 10 км аралыкка чуркап, 6-орунга ээ болуп. Катышуучулар медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Комментарии