Чүй облусундагы Чүй районунун Калиновка айылында белгилуу саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимовтун эстелигинин жанына согуш техникасы (БТР) коюлган. Бул боюнча айылдын тургуну кабарлады.
«Бул айылдын тургундарынын тан калдырып, ошол эле убакта кыжырын келтирүүдө. Өсүп келе жаткан жаш өспүрүмдөргө бул көрүнүш биздин белгилүү инсандарыбыз, тарыхыбыз жөнүндө туура эмес түшүнүк берүүдө. Эл, ошол техника коюлганы туура болсо, туура жерге коюлуп же алынганын талап кылат. Себеби элге аттын кашкасындай таанымал бул адамдын жанына БТР коюлушу туура эмес. БТРдин ага тиешеси жок», - дейт окурман.
Комментарии