Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы, Ысык-Ата районунун Буденовка айылындагы дарыядан көп жылдан бери белгисиз адамдар кум жана шагыл ташып, жээктерин кенейтип, экологияга калыбына келгис чон зыян келтирүүдө жөнүндөгү маалыматты Кочкорбаев айыл өкмөтү менен биргеликте карап чыгып төмөнкүнү билдирет.
«Кочкорбаев айыл аймагындагы Буденовка айылында дарыядан жер казынасын казып иштетүү укугуна «ЮВМ-Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому ээ. Төмөндөгүдөй уруксат документтеринин негизинде № 60121-3301-ЖЧК 25908448, ИНН 00705200810112, узартылган мөөнөтү 2020-жылдын 18-январына чейин катталган лицензия №3212ТЕ менен азыркы учурда иштеп жатат. Жогоруда аталган маалыматтын негизинде «ЮВМ-Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому мыйзам чегинде иштөөдө».
Комментарии