Репортер

Кыргызстанцы посвящают стихи чемпионке мира Айсулуу Тыныбековой (дополнено)

Кыргызстанцы посвящают стихи чемпионке мира Айсулуу Тыныбековой (дополнено)
(обновлено: 26 сент. 2019) 8957 Кыргызча

Читатель Репортёра прислал стих, посвященный Айсулуу Тыныбековой, в честь победы на чемпионате мира.

Айсулуу Тыныбекова завоевала золото на чемпионате мира по борьбе в весовой категории до 62 кг. Чемпионат мира прошел в городе Нур-Султан (Казахстан).

Автор: Мурат Үмөт 

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВАГА

Элдин жердин ар-намысын коргогон,
Курманжандай апабызга окшогон,
Айсулууну журтум жалпы колдойлу,
Жаш муундар өссүн жолун жолдогон.

Айсулуунун эрдигине башты ийем,
Төшөлсүн өргөсүнө кызыл килем,
Кыздарыбыз баатыр чыккан оболтон,
КызСайкал, Розаны(Отунбаева) дүйнө билген.

Өлкөмдүн башчысынан суранамын,
Сыйласаң чын дилимден кубанамын,
Каршы эмес өкүмүңө бир да жаран,
Ыйгарсаң баатыр кызга «БААТЫР» наамын.


Автор: Дуулатов Батырбек

Айсулууга каалоо

Ток этер жерин айтсам мен,

Токтобой бир жыл иштесе,

Токио деле багынат!

Ала-Тоо бийик Олимптен,

Айсулуу кудай буюрса,

Алтын медаль тагынат!


Айсулууга

Алтын медаль тагынып,
Аталып дүйнө балбаны,
Айтылып бүтпөс керемет,
Айга, Күнгө тең болдуң!

Алакандай кыргызды,
Ааламга бүтүн тааныткан,
Айтматовдон кийинки,
Айсулуу кызым, сен болдуң!


Автор: Жетиген Бакиров

Айсулууга

Кыргыз күткөн Айсулуунун жеңишин,
Кыргыз эңсеп, медаль тагып келишин.
Кубанычтуу кабыл алдык кабарды,
Ажобуздун квартира беришин.

Коргодуң сен кыргызымдын намысын,
Дүйнө сезди кыргыз элдин дабышын.
Далай жолу желбиреткин желекти,
Кыргыз деген токтотпойт деп, жарышын.

Кыз болсоң да, опол тоодой эмгегиң
Кыргызмын деп, жеңишиңди бербегин.
Боло турган Олимпиада жарышта,
Кайраттанып алтын медаль сермегин.

Жаратканым ишке ашырсын тилекти,
Машыгып сен, чыңдай бергин билекти.
Кайда болсоң сен эсиңден чыгарба,
Жөлөк болоор, Кыргыз деген тиректи.


Автор: Каныбек Аблабеков

Айсулуу деп ат койгон
Ааламга тенеп бат койгон
Айланып тегиз ааламды
Сактасын деп намысты
Айга тенеп данктаган
Суулусу деп кыздардын
Тунук болсун ойлорун
Кыргызымда Бир келер
Сага окшогон кыздары
Атин дуйно кем дуйно
Коп болсо экен кыргыз кыздар ай аламды багынткан ай Айсулуу Айсулуу
Оз кыздарым Айбийке дагы биросу Мунабия сендей болсо омурдо мен жашаймын кубанып алып берер намысты сактап берер намысты ай Айсулуу Айсулуу

Если вы хотите поздравить Айсулуу Тыныбекову, отправляйте ваши поздравления, стихи на номер редакции в WhatsApp 0550010311. Лучшие поздравления будут опубликованы.

По теме: Как Айсулуу Тыныбекова за год до Олимпиады стала главным претендентом на золото (обзор)


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?