Нарын шаарынын жылуулук берүүчү ишканасы шаардагы экологиялык абалга терс таасирин тийгизүүдө. Шаар тургунунун айтымында, мекемеден чыккан түтүн жакын аймакта жашаган адамдардын ден соолугуна зыян келтирип жатат.
«Жайында оңдодук дешип, бирок жөн эле ичин сырдап коюшкан. Түтүн тегерек четтеги үйлөрдүн ичине чейин кирип кетет. Негизи түтүн деген мордон чыгышы керек. Булардыкы болсо эшик-терезесинен дагы чыгат», - дейт шаар тургуну.
Комментарии