Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Кара-Кужур айылындагы узундугу 30 чакырымды түзгөн унаа өтүүчү жол капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул туурасында айыл тургуну билдирди.
«Айылдын жашоочулары азык-түлүк сатып алуу үчүн, соода-сатык жана башка күнүмдүк тиричилик иштери менен айылдан 100 чакырым алыстагы Кочкор районуна жана андан дагы алыс турган Нарын шаарына ушул жол менен каттоого аргасыз», - дейт ал.
Айыл тургуну жергиликтүү бийликтен жолду оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү суранат.
Комментарии