Житель села Кош-Терек Ала-Букинского района К.Смаилов посвятил стихи памяти Элмирбека Иманалиева.
Народный артист КР Э.Иманалиев скончался 20 апреля на 42 году жизни.
Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналат
Ак таңдай акын Элмирбек
Айтайын ырым сени деп,
Жүрөктү биздин боздотуп,
Жүдөдүк эми сени издеп,
Ыйлабайт эркек дечү эле,
Ыйладым Элмир сени деп,
Элимдин залкар акыны,
Эх чиркин кеттиң эртелеп.
Ырларың сенин Элмирбек,
Ырдаймын дайым сени эстеп,
Биз сени жоготтукпуң ай?
Буулугуп турам сени деп,
Асманда жылдыз болдуңбу?
Бейишке барып кондуңбу?
Сенсиз биз кантип жашайбыз,
Балдарың жетим болдубу?
Жакшыны алды шум ажал,
Жамандар жүрөт өлбөстөн,
Жүз жылда келчү бир акын,
Кетти гой карылык көрбөстөн.
Элмирбек акын,ак таңдай,
Элибиз турат кайгырып,
Кылымда келчү бир акын,
Оо дүйнө кеттиң шашылып.
Топурак сага салалбай,
Топ болуп сагаң баралбай,
Арман бир дүйнө аттиң ай,
Кайгыда атты таңдар ай.
Сүрөтүң күлүп жайдары,
Жүрсөң бир болмок сен дагы,
Ырларың ырдап дайыма,
Жүрсөң бир болмок сен аны.
Кош эми Элмир байкем ай,
Коштошом кантем,кантем ай,
Булбулум ырдап эскерип,
Буулугуп турам дайым ай...
Автор: К.Смаилов, Ала-Бука району, Кош-Терек айылы
Комментарии