Репортер

Житель Ала-Букинского района посвятил стихи памяти поэта Зайырбека Ажыматова

Житель Ала-Букинского района посвятил стихи памяти поэта Зайырбека Ажыматова
(обновлено: 30 апр. 2020) 4642

Житель села Кош-Терек Ала-Букинского района Канатбек Смаилов посвятил стихи памяти Зайырбека Ажыматова.

Поэт, журналист и заслуженный деятель культуры Зайырбек Ажыматов скончался 29 апреля на 44-м году жизни.

Ранее этот же житель Ала-Букинского района посвятил стихи памяти Элмирбека Иманалиева.

Зайырбек Ажыматовдун жаркын элесине...

Жамгыр баштап ыйга окшоп куюлуп,
Кабар келди жүрөк турат буулугуп,
Эки достон,эки акындан айрылдык,
Ырлар калды жазылбастан чуурулуп

Элмирбектен эс учубуз жыйылбай,
Зайырбекти алып кетти шум ажал,
Ырларынан алчу элем ырахат,
Оо кудайым тизмегиңде ката бар,

Калем сабы дайым турчу күүлөнүп,
Мен Закемден дайым турчум үйрөнүп,
Ырларында баардык оюн жазчу эле,
Келечегиң болду белем бүдөмүк?

Элмирбекти жоктодуң сен ырларда,
Эзилдиби жүрөк тушуң мындайда,
Эсил кайран,эки акын,эки дос,
Жетер беле үнүм менин кудайга?

Ырларыңды кайра-кайра окуп мен,
Азыр турам ишене албай жашып мен,
Кайталангыс талант болчуң кыргызга,
Барса келбес сапарыңа кеттиң сен.

Закем менин,кайран гана акыным,
Токтодубу жүрөк толкун,ташкының,
Ырларындан алчу элем эргүүнү,
Берди неге тагдыр мага запкысын?

Акындардын орду толбос миң жылдап,
Силер кетип биз калдыкко бир сыздап,
Жолдор жабык,бейиш төөрүн бер кудай,
Топурак да сала албайм бир уучтап...

Жашып турам, уктай албай ыр жаздым
Закем кетип, жүрөк заарлап муңдандым,
Эки дуйнө мындай жандар табылбас,
Апрель ичи көбөйдү го муң-кайгым...

Автор: Канатбек Смаилов, Ала-Бука району, Кош-Терек айылы


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?