Репортер

Кыргызстандын кооз жерлери: Көк-Серек

15519 На русском

Окурман Досалы Эсеналиев:

 

«Кыргызстандын көпчүлүккө белгисиз кооз бурчу


Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Бирлешкен, Теңги, Таш-Арык айылдары жайгашкан аймак өзгөчө бир кооз таштуу тоолордун ландшафты менен курчалып жайгашкан.


Айылдар Көк-Серек сайынын бойунда тоо этектеп жайгашкан жана таштуу адырлар менен курчалган өзүнчө оазис. Оң жактан да, сол жактан да өзгөчө боз-кызымтыл каньон тоолору менен курчалган. Мындай узун каньон кырка тоолорду Кыргызстанда башка кезиктирбейсиң. Сайдын башы мөңгүлүү тоолорго барып такалат.


Акыркы убакта ММК Кыргызстан жайгашкан территория бир нече миллион жылдар мурун океандын жээги болгон деген гипотезаларды ушул тоолор ырастап турат окшойт.


Азыр болсо биз бул кооздукка көзүбүздү тойгузуп, ички жана тышкы экологиялык туристтерди тартчу өзгөчө кооз жер».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү