2019-жылдын 10-майында АКИpress сайтында Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылындагы таштандылар иретсиз төгүлүп, малдын өлүктөрү жатат деген маалымат жарыяланган. Бул боюнча Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактылары аныкталгандыгы боюнча протокол түзүлдү.
Жыйынтыгында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевге Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 148-беренеси менен 23 000 сом айып салынды.
Учурда таштанды төгүүчү жайдын айланасы иретке келтирилип, өлгөн
малдардын тарпы зыянсыздандырылып көмүлдү.
Комментарии