Бул жаңылыкка жооп алынды Учкун кичи районундагы көп кабаттуу жаңы үйдүн курулушу токтотулду
Учкун кичи районундагы №12 жана №14 үйлөрдүн жанында көп кабаттуу жаңы үй курулуп жатат. Бул тууралуу аталган кичи райондун жашоочулары билдиришти.
Алардын айтымында, казылып жаткан котлован үйлөргө жакын жайгашкан жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.
«Биз ИИМдин Академиясы тарабынан бөлүнүп берилген кызматтык үйдүн тургундарыбыз. Үй курууда коопсуздук нормалары сакталбаганына байланыштуу эртең адам өмүрүнө коркунуч туулбайт же №12 жана №14 үйлөрдүн пайдубалына доо кетип, авариялык абалга келбейт деп ким кепилдик берет?» - дешет тургундар.
Алар тиешелүү органдардан бул маселени чечип берүүнү суранышат.
Комментарии